СССРдин баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу Воронежде даректүү тасма тартылды

Sputnik
Бүгүн биз “Стоп кадр” программасынын алкагында март айынын аягында Россиянын Воронеж шаарында СССРдин баатыры Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу тартылган даректүү тасма тууралуу кеп кылдык. Кызыгы аталган долбоорду эч кандай мамлекеттин же жеке тараптардын колдоосу жок эле Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын режиссеру Кубан Жандарбеков ишке ашырган. Анын айтымында, даректүү тасманын аталышы азырынча белгисиз жана май айынын соңунда даяр болот.
Фильмдин режиссерунун көзү менен Воронеждин эли жана алардын Чолпонбай тууралуу эскерүүлөрүү кененирээк бул уктурууда.