Көкүрөктүн катуу оорусу эмне себептен пайда болот, курч инфаркттын белгилери кандай, дарыгерлер бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн канча убакыт кере, айланып өтүү хирургиясы деген эмне, стент коюу операцияларынын кесепети, кепилдик берилеби, кан басымдын көтөрүлүп же түшүшү жүрөккө кандай таасир берет?
Ушул жана башка суроолорго “Ачык кеп” программасынын алкагында баарлаштык.
Программанын мейманы Абдышүкүр Сатыбалдиев жүрөк ооруларынын көйгөйлөрүн жана өлкөдөгү жалпы абалды толук айтып берди. Анын айтымында, учурда балдар кардиохирургиясына байланышкан чоң көйгөйлөр бар.