1-май — Эмгек майрамы. Өлкөдө эмгек мыйзамдары жумушчулардын укугун канчалык деңгээлде коргоп жатат?

Sputnik
Биринчи май - эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. 1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында эмгекчилер эмгек күнүн 8 саат деп белгилөө талабы менен демонстрацияга чыгышкан. Бул күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим чыгып, 1889-жылы июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. Бүгүнкү күндө бул күн майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет. Республикада 1-Май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген.
Кыргызстандыктар бул күндү кандай өткөрөт? Өлкөнүн эмгек мыйзамдары канчалык деңгээлде эмгекчилердин укугун коргойт? Жаңы Эмгек кодексинде эмне өзгөртүүлөр болду? Мүчүлүштүктөр барбы?
Ушул жана башка суроолорубузга эл аралык медицина жана илим университетинин ректорунун кеңешчиси, эмгек укуктары боюнча эксперт Элдияр Карачалов жоопберди.