БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал депутат кезинде жубайын ЖК аппаратына өзүнүн жардамчысы катары мыйзамсыз жумушка орноштурганы аныкталган.
"Жубайлар бири-бирине түздөн-түз баш ийген мамкызматта иштешине тыюу салынат. Айжигитовдун жубайы ишке чыкпай эле маяна жана башка төлөмдөрдү алып турган. Алсак, Г.Жолдошова 2022-жылдын апрелинен баштап үч жыл ичинде 3,2 миллион сом алган", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле атайын кызмат Айжигитов Баткендин губернатору болуп турганда да аялын кол алдындагы кызматка алганын белгилеген. Мында да экөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыпталууда.
Эске салсак, Султанбай Айжигитов мартта депутаттык мандатынан ажыратылган. Буга Айжигитовдун талапкерлигин койгондо бир кезде "Бейбаштык" менен айыпталып соттолгонун маалымдабай койгону жүйө келтирилген.
Ага чейин эл өкүлү болуп турганда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча келишимге байланыштуу пикирин айтканы үчүн "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылган.