Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп: Путин Украинанын бардыгын алып койбойт деп ишенем

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин аны сыйлагандыктан улам "Украинанын бардык аймагын алып койбостугун" айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Менимче, ал мени сыйлайт. Урматтагандыктан улам Украинаны толук басып албайт деп ишенем, болбосо кабыл алган чечими Украинаны толук басып алуу болмок", — деген Трамп ABC телеканалына берген маегинде.
Муну менен катар эле Украинадагы тынчтык орнотууда Путин анын "башын бир аз оорутушу" мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Ак үй башчысы Украинадагы согуш боюнча АКШнын мурдагы президенти Жозеф Байден сыяктуу кенебей жүрө бере албастыгын белгилеп, кырдаал аны тынч уктатпастыгын айтты.
"Ал (Байден - ред.) жээкке келип үргүлөсө, мен ары-бери оодарылып Кытайды кантип жеңүүнү, Россия менен Украина согушун кантип токтотуу керектигин ойломокмун. Ал камераларды өзүн көздөй караттырып коюп уктап кала турган", — деген Трамп Мичигандагы митингде сүйлөп жатып.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Зеленский менен жолукканда эмнелерди сүйлөшкөнүн айтты