БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов менен анын жубайы Гүлшат Жолдошеванын бөгөт чарасы тандалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук соту маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, жубайлар эки айга, тагыраагы, ушул жылдын 2-июнуна чейин үй камагында болушат. Райондук сот УКМКнын тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырган.
Айжигитов менен Жолдошева кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Буга чейин УКМК ал депутат кезинде жубайын ЖК аппаратына өзүнүн жардамчысы катары мыйзамсыз жумушка орноштурганын маалымдаган.
Эске салсак, Султанбай Айжигитов мартта депутаттык мандатынан ажыратылган. Буга Айжигитовдун талапкерлигин койгондо бир кезде "Бейбаштык" менен айыпталып соттолгонун маалымдабай койгону жүйө келтирилген.
Ага чейин эл өкүлү болуп турганда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча келишимге байланыштуу пикирин айтып, андан кийин "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылган.