Кыргызстанда санариптик сомду алуудан баш тарткандар айыпка жыгылат

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда санариптик сомду алуудан баш тарткандарга айып пул киргизилет.
Президент Садыр Жапаров “Айрым мыйзам актыларына улуттук санариптик валютанын – санариптик сомдун укуктук статусу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документке ылайык, жеке жактарга үч миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат. Мыйзам ошондой эле фирмалык аталыштарда “санариптик сом” жана “санариптик сом платформасы” деген терминдерди колдонууга тыюу салат.
Документ улуттук валютанын прототиби боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү, укуктук базаны жана анын статусун түзүү максатында иштелип чыккан.
Санарип сом накталай жана накталай эмес акча менен катар улуттук валютанын үчүнчү формасы болуп саналат. Ал Кыргызстандын Улуттук банкы тарабынан уникалдуу санариптик ырааттуулук (токендер) түрүндө чыгарылат.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Жеңиштин 80 жылдыгына карата коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарылды