Балыкчы менен Александровкада гемодиализ борборлору жабылганы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Балыкчы менен Чүйдүн Александровка айылында гемодиализ борборлору жабылып калды. Депутаттар маселени парламентте көтөрүп, Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөттөн абалды көзөмөлгө алууну суранышууда.
Дастан Бекешев Александровка айылында 50 адам гемодиализ ала албай калганын айтса, Балбак Түлөбаев Балыкчыдагы бейтаптардын саны 30га жетерин билдирди.
"Кечинде саламаттык сактоо министри менен сүйлөшсөм, гемодиализ борбору Башкы прокуратуранын козгогон иши боюнча жабылды дейт. 90 күн тергейт имиш, ага чейин эл эмне болот?" — деди Түлөбаев.
Соцтармакта да Балыкчыдагы бейтаптардын министр Эркин Чечейбаев менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган видеосу тарады.
Бишкекте Трансплантация жана гемодиализ борборунун курулушу башталды