РКӨФ пластик жана алюминий терезе чыгарган ишкананы каржылады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандагы банктардын бири менен биргелешип пластик жана алюминий терезелерди чыгарган компанияны каржылады.
Ишкана ай сайын 20 миң чарчы метрге чейин продукция чыгарат. Долбоордун жалпы баасы 5 миллион долларды түздү.
"Компания "Два прораба" соода борборунун базасында пластик жана алюминий терезелерди чыгарган заманбап өндүрүштү түзө алды. 12 жыл ичинде өндүрүш аянты 200 чарчы метрден 8 миңге чейин кеңейди. 2 миллион доллардан ашык турган жабдуулар орнотулган", — деп белгиледи РКӨФ башкаруучулугунун төрагасы Артем Новиков.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду "Бишкек бетон заводуна" каражат бөлдү