Улук сержант Илья Яковлевич Сьянов рейхстагга жасалган чабуулду мындайча сүрөттөгөн:
"...Рейхстагга улам жакындап келе жаттык. Эки ирет осколка тийди, аны ороп-таңууга шарт жок эле. Ушул мүнөткө да жеттик! Мен, костанайлык бухгалтер, ротам менен немец парламентин басып алам деп ойлодум беле!"
"...Көп өтпөй эки чалгынчыбыз — сержант Егоров менен кенже сержат Кантария вестибюлга чуркап киришти. Алар кыпкызыл матаны — 3-сокку уруучу армиянын аскердик кеңешинин туусун алып чыгышты. Дал ушул желек Жеңиштин туусу болуп калды!" — деп эскерген 22 жаштагы капитан Неустроев.
"Тууну ушундай толкундануу менен карап турдум. Ушундай экен да! Азыр аны жогору жакка алып чыгышат да, кыйраган Берлиндин үстүнөн желбиретишет. Чалгынчылар да толкунданып турушкан эле. Жеңиш туусун орнотуу дал ушул жөнөкөй советтик жигиттердин шыбагасына буюрган экен!"
"Колуна туу көтөргөн чалгынчылар чатырга чыгары менен аларды Бранденбург дарбазасында турган гитлерчилер байкап калышты. Окту жөн эле жаадырышты, кадам шилтетишкен жок. Убакыт өтө берди, жолун таппай шайыбыз кетти. Тепкич менен чыгуу тууралуу ойлонуунун да кереги жок эле. Эмне болгон күндө да туу сайылышы керек болчу, болгондо да элдин баары көргүдөй болушу керек эле. Бир маалда Кантария эки жагын карап отуруп, скульптурага көзү түштү.
— Кел, Миша, ошол жакка саялы, — дейт Егоровго.
Душман огун жаадыра берди, тууга да тийди. Егородун шымын, Кантариянын пилоткасын тешип өттү. Ошентсе да алар өз милдетин аткарышты.
Ошентип түнкү Берлиндин асманында Жеңиш Туусу желбиреди".
Тема боюнча: