Эркай Бактыбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып кичинесинде атасы комуз, аккордеондо ойноп ырдаганын көрүп музыка дүйнөсүнө арбалганын баяндап берди.
Анын айтымында, азыр өзү дагы бир нече музыкалык аспапта кол ойнотот.
"Биздин үйдө атам музыка сүйүүчүсү. Бул багытта билим алган эмес, бирок музыканы абдан жакшы көрөт. Кичинемде комуз, аккордеондо ойноп ырдачу. Атамды көрүп кызыгып, анан аралашып калдым. Мени музыкага атам алып келди. Алгачкы музыкалык табитти да атам калыптандырды. Ыр тандоо татаал жана жакшы табитти талап кылат. Ыр алгач ырчыга жагышы керек. Кийин устаттар менен кеңешем. Ошондой эле атам дагы ыр тандоодо көмөктөшөт. Айрыкча, ырлардын сөзүнө абдан маани берет", — деди Бактыбек кызы.
Ошондой эле ал үй-бүлөнүн колдоосу чыгармачылыкта гана эмес, күнүмдүк жашоодо дагы керектигин, анын орду өзгөчө экенин кошумчалады.