Жамиля Исаеванын ордуна ЖКга вице-спикер болуп Жылдыз Садырбаева шайланды

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Буга чейинки вице-спикер Жамиля Исаева кызматынан өз каалоосу менен кеткен.
"Ишеним артып, колдогонуңуздарга чоң рахмат! Жогорку Кеңеш коллегиалдуу орган. Сиздер менен регламент, мыйзамга таянуу менен иш алып барганга аракет кылам", — деди Садырбаева.
Парламент ЖК депутаттарын шайлоо системасын өзгөртүү мыйзамын колдоду