БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 18-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
1-этап — 18, 19, 20-майда;
2-этап — 22, 23, 24-майда өтөт.
Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо күндөрү (17-май, 21-май жана 19-июнь) каралган. Алар үчүн уюштурулган ЖРТнын үчүнчү этабы 20, 21, 22-июнда өтөт.