Баңгизат саткан делип баңгизатка каршы күрөшкөн бөлүмдөн эки милиционер кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык милициянын баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери наркозат сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 29-апрелде кезектеги ири көлөмдөгү баңгизатты берүү учурунда милициянын капитаны Б.Д.М. жана анын шериги милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалган.
1 / 3

Бишкек шаардык милициянын баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери наркозат сатууга шектелип кармалды

2 / 3

Маалыматка ылайык, 29-апрелде кезектеги ири көлөмдөгү баңгизатты берүү учурунда милициянын капитаны Б.Д.М. жана анын шериги милициянын лейтенанты Г.М.Б. кармалган

3 / 3

Милициянын капитаны Б.Д.М. УКМКнын тергөө абагына, ал эми лейтенант Г.М.Б. 1-СИЗОго камакка алынганы кошумчаланды

"Шектүүлөрдүн жашаган жана иштеген жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттар табылды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иштери улантылууда", — деп айтылат кабарда.
Милициянын капитаны Б.Д.М. УКМКнын тергөө абагына, ал эми лейтенант Г.М.Б. 1-СИЗОго камакка алынганы кошумчаланды.
ИИМ: Бишкекте 18,9 млн. сомдук баңгизатты сатууга аракет кылган киши кармалды