Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Кыргызстандын согуш жылдарындагы жашыруун материалдары жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандын коргонуу өнөр жайы боюнча архивдик документтердин жыйнагын, анын ичинде буга чейин ачыкталбаган материалдарды басып чыгарды.
Жыйнакта эвакуациялангандарды жайгаштыруу, аскердик продукцияны чыгарган жаңы өнөр жай ишканаларын куруу жөнүндө айтылат.
"Китеп Кыргызстандын согуш мезгилиндеги тарыхынын калып кеткен боштугун толтуруп, кеңири аудиторияга элдин эмгек жаатындагы эрдигин жайылтууга мүмкүнчүлүк берет", — деди министрлик.
Иш Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Коргоо министрлиги параддан өтчү техниканы сүрөт, видеого тартпоону суранды