БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Коргоо министрлиги парадга алып келе жаткан техникалардын катарына кыпчылып кирбөөнү, аларды видеого тартып социалдык тармактарга жайылтпоону суранды.
Маалыматка ылайык, 8-майда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында болуучу парадга 120дан ашуун аскердик техника тартылат.
"Токмокто Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата парадга даярдык көрүлүүдө. Ал жактагы техниканы Бишкектеги иш-чарага алып келүү зарыл. Мына ошол мезгилде техникалардын катарына кыпчылып кире калбоону жана коомдо дүрбөлөң жаратпаш үчүн аларды сүрөт, видеого тартып соцтармактарга жайылтпоону суранабыз", — деп айтылган маалыматта.
Ошондой эле министрлик бул учурда жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнгөн.