Жүзүмдүн экспорту 10 эсе өстү: негизинен ЕАЭБ өлкөлөрү сатып алган

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жүзүмдүн экспорту 10 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматынан белгилүү болду.
Республика быйыл январь-февраль айларында 114,6 тонна жемиш саткан, былтыр ушул эле маалда 1,4 тонна экспорттогон.
Жүзүмдүн көбүн ЕАЭБ өлкөлөрү, тагыраагы, Россия (92 тонна) менен Казакстан (17,4 тонна) алган.
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү өсүүдө