ЕАЭБде дары-дармектин баасын арзандатуу аракеттери жүрүүдө — бул өлкөгө кандай пайда алып келет?

Sputnik
ЕАЭБде фармацевтика секторунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу изилдөө жүргүзүлүп жатат. Максаты — тоскоолдуктарды азайтуу, бааларды арзандатуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат. Медициналык техника жана дары-дармек мененкамсыздоо департаментинин бирдиктүү терезе бөлүмүнүн башчысы Майя Мусаеванын айтымында, бул боюнча өлкөгө кайрылуу түшө элек. Эгерде келип калса, изилдөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, чечим чыгарылат. Ошондо жарандарды сапаттуу жана коопсуз дарылар менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Ал эми дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин фармацевтикалык иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Исабек Исмаилов дары-дармек жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, ЕАЭБде дары-дармектин баасы эмне үчүн бирдей эместигин айтып берди.