Казакстандык чек арачылар эстафетаны кыргызстандык кесиптештерине тапшырышты. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чара 2-февралда Брест жана Мурманск шаарларында бир убакта башталган. Эстафета КМШ өлкөлөрүнүн чек араларынан өтүп, Кыргызстанда 4-майга чейин уланат. Анда Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустары камтылат.
Ушул эле күнү Кыргызстандын чек арачылары Жеңиш символун "Кант" жана "Токмок" заставаларына жеткирип, аскер кызматкерлери салтанаттуу түрдө тосуп алышты.
Эстафета каттамы Кыргызстандын аймагында 4-майда Бор-Дөбө өткөрүү пунктунда аяктап, тажик чек арачыларына өткөрүп берилет. Иш-чара 28-майда Москвадагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүндө өтө турган салтанат менен жыйынтыкталат.
Тема боюнча: