Путин: нацизмдин жанданышына жол бербөө үчүн болгон аракетти көрүш керек

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Нацизмдин жанданышына жол бербөө үчүн болгон аракетти көрүш керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Волгограддагы "Улуу мурас – жалпы келечек" форумунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Нацизмдин жанданышына, русофобиянын, антисемитизмдин, расизмдин жайылышына туруштук берүү үчүн баарын жасоо керек. Мындай аракеттердин аркасында үстөмдүк кылууга, көз карандысыз мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүгө умтулуу жатат", — деген РФ президенти.
Россия лидеринин сөзүнүн урунттуу учурлары:
Нацизмдин талкаланышы жалпы совет элинин жетишкендиги болуп саналат;
КМШда өтчү "Өчпөс полктун" жүрүшү курман болгон жоокерлердин элесине таазим деп кабылданат;
ЖККУ мамлекеттеринде тарыхка байланыштуу ченемдик актыларды иштеп чыгууга салым кошкондордун баарына ыраазычылык айтты;
Евразия тынчтык менен стабилдүүлүктүн мейкиндиги болуп, экономикалык, социалдык жана гуманитардык өнүгүүнүн үлгүсүнө айланышы керек.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
РФ ТИМи Батыштын 9-Майга келбөө жана бомбалоо чакырыгына реакция кылды