Путин Евразия стабилдүүлүктүн мейкиндиги болушу керектигин белгиледи

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Евразия тынчтык менен стабилдүүлүктүн мейкиндиги болушу керек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин билдиргенин РИА Новости жазды.
Россия лидери Волгограддагы "Улуу мурас – жалпы келечек" форумуна катышкан.
"Дүйнөлүк коомчулук бардык мамлекеттерди ишенимдүү коргой турган бирдей жана бөлүнгүс коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүү үчүн биргелешип аракеттенүүсү керек деген ишеничтебиз. Бул маселе өзгөчө Евразия үчүн маанилүү. Биздин континент тынчтык менен стабилдүүлүктүн мейкиндиги болуп, экономикалык, социалдык жана гуманитардык өнүгүүнүн үлгүсүнө айланышы керек", — деген Росия лидери.
Путин: нацизмдин жанданышына жол бербөө үчүн болгон аракетти көрүш керек