БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев ишкерлердин кайрылуусунан кийин май майрамдарына карата Панфилов атындагы паркты ачууну тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Калаа башчысы Кыргызстандын базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев жана бизнес-коомчулугу менен жолугушкан.
"Парктын администрациясына да үч ай иштөөгө уруксат берилди, бирок шарттарды түзүү менен объектинин аймагындагы бардык аттракциондор талапка ылайык келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык нормалар сакталышы зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин эс алуучулар аттракциондон кулаган эки учур катталган. Катуу жаракат алган кыздын окуясынан кийин парк ишин токтоткон болчу. Биринчи май РИИБи окуя боюнча "Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү" беренеси менен кылмыш иши козголгонун, шектүү катары ошол жерде иштеген 24 жаштагы оператор кармалганын кабарлаган. Кийин ал үй камагына чыгарылган.