БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Курулуш министрлиги көп кабаттуу үйлөрдүн 1-кабатына бала бакча, мектеп ачууга уруксат берди.
Министр Нурдан Орунтаев мындай чара бала бакча, мектептердеги орун тартыштык маселесин чечүүгө жана жеке бакча, мектептерге жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн көрүлүп жатканын белгилеген.
Орунтаев коомчулукта "балдар кайда ойнойт, маморгандар эмнеге мектеп, бала бакча салбайт, мындай жерде коопсуз эмеспи" деп жаралчу суроолорго да жооп берген:
коопсуздук маселеси боюнча айта кетсем, көптөгөн жарандар балдары менен көп кабаттуу үйлөрдө жашайт. Бүгүнкү күндө курулуш нормалары катуу талаптарга жооп берет жана бардык объектилер тиешелүү экспертизадан өтөт;
бардык көп кабаттуу үйдө жана турак жай комплекстеринде балдар аянтчалары бар, алар күндүз көп учурда бош турат. Ал аянтчалар колдонулушу керек;
бул долбоор жеке мектептер менен бакчаларга гана тиешелүү. Бул акы төлөп, жеке билим берүү мекемелеринин кызматын колдонууну каалаган жарандарыбызга багытталган.
Буга чейин министрлер кабинети курулуш компанияларын үйлөр менен бирге бала бакча жана мектеп курууга милдеттендирген норма иштеп чыгып жатканы кабарланган.