БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Максат Асаналиевге юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.
Максат Асаналиев былтыр июнда Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалган.