БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкектеги мурдагы Батыш автобекетинин имаратын көргөзмө борборуна айландыруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев "Инвест Кей Джи Холдинг" компаниясынын өкүлү менен инвестициялык келишимге кол койгон. Анда мурдагы Батыш автобекетинин имаратын сактап калуу жана аны көргөзмө борборуна айландыруу, "Жаштар" жана "Октябрдын 40 жылдыгы" парктарын реконструкциялап жакшыртуу каралган.
Ошондой эле келишимдин алкагында "Тазалык-1", "Тазалык-2" жаңы базалар жана муниципалдык ишканага абоненттерди тейлөө имараты курулат. Ал эми мурдагы эки базанын ордуна мейманкана, көп кабаттуу үйлөр, бизнес-борбор сыяктуу бир катар объектилерди куруу пландаштырылууда.
Батыш автобекетиндеги жер астындагы өтмөк да реконструкцияланат. Мунун баарына жалпы 2,6 миллиард сомдон ашык инвестиция салынары айтылды.