БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, чекти тосуу Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан чектешкен жердеги стеладан башталган. Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн-форматта катышты. Иш-чарада Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, жергиликтүү жетекчилер да болду.
"Чек араны тосуу үчүн шаарча курулуп, атайын техника алып келинген. Алдыда биринчи этапта кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымына зым тартылат. Иштерди жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин депутат Камила Талиева парламентте чек арага зым тор тартыла баштаганын айткан эле.