БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде танкаларга каршы аңдар казыла турганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Баткен облусунда мамлекеттик чек араны инженердик жабдуу боюнча иштердин активдүү фазасы башталды. Баштапкы чекит Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишиндеги стела болду.
Чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев ведомство чек араны өнүктүрүү иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтты. Тарыхый окуяга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн-режимде көз салды. Иштин башталышын министрлер кабинетинин атайын өкүлү Назырбек Бөрүбаев жана президенттин Баткен облусу боюнча өкүлү Айбек Шаменов көзөмөлдөштү.
Чек ара тилкесинде талаа лагери түзүлүп, окуя болгон жерге атайын техника жеткирилгени белгиленди. Биринчи этапта 420 чакырым жерге ар кандай типтеги тосмолорду орнотуу пландалууда.