© Sputnik_Infographics
Ким башында турат? "Бирикме борбордук башкаруу пунктуна байланган, ар бир мамлекеттен ал жерге маалымат түшүп турат. Бул мүчө өлкөлөрдөн 300 чакырым аралыкта турган буталарды табууга жана душманды шайма-шай даярдык менен тосуп алууга мүмкүнчүлүк берет", – деди Аба чабуулунан коргоо күчтөрүнүн музейинин директору Юрий Кнутов.
Билбесе – үйрөтөбүз. "Россия атайын аскердик операция өткөрүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшөт. Бул согуштук операциянын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин түзүү жаатында жүрмөкчү. Башкача айтканда, абадан кол салуудан коргонгон ар кандай системалары бир маалымат мейкиндигинде туруп, колдогу маалыматтарды кечиктирбей бере салуу жана коргонуу компоненттеринин ортосунда жүктөмдү бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ", – деп кошумчалады аскердик эксперт Дмитрий Корнев.
Боордоштук жардам. "Россия менен Беларустун өзүнүн аба мейкиндигин коргогон заманга бап келген системалары бар. Кыргызстанда да бүгүн С-300ПС партияларын алганын айтты. Бул жерде Армения гана аксап жатат. Ереван дүйнөнүн бардык жеринде колдонулбай бараткан С-75 "Двина" ЗРКсын колдонуп келди", — деген Кнутов.