Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасын бразилиялык адис машыктырат

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. 23 жашка чейинки кыргыз футболчуларын бразилиялык адис машыктырмай болду. Бул тууралуу Футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, машыктыруучу Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курамасын окутат.
"UEFA PRO лицензиясы бар бразилиялык адис Эдмар Ласерда кезинде бразилиялык "Индепендиенте", "Паулиста" жана "Интернасьональ" клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, "Таврия" клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин карьерасын "Металлист", "Днепр" сыяктуу украиналык клубдарда уланткан. 2024-жылы казакстандык "Тобол" клубунда машыктыруучунун жардамчысы болуп эмгектенген", — деп айтылат маалыматта.
Машыктыруучу кураманы сентябрда өтө турган Азия кубогунун тандап алуу оюндарына даярдай турганы кошумчаланды.
Садыр Жапаров Кыргызстанда канча стадион салынып, калыбына келтирилип жатканын айтты