БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкекте "Евразия" маданий-көңүл ачуучу паркын куруу долбоору сунушталды.
Паркты Орок айылына куруу пландалууда. Долбоор Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына карата Кыргызстандын министрлер кабинетинин колдоосу менен "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылат.
Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова президент Садыр Жапаровго долбоорлорго үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мамлекет башчынын Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле ЕАЭБ алкагында стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган саясатын белгиледи.
"Евразия" бейөкмөт уюмунун меценаттарына дагы ыраазычылык билдиребиз. Алардын колдоосу менен Бишкекте социалдык маанидеги үй-бүлөлүк балдар паркын курууга мүмкүнчүлүк түзүлүп отурат. Мындай долбоорлор Евразия өлкөлөрүн бириктирет", — деди Аршинова.
"Евразия" уюмунун Кыргызстандагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Кымбат Урумкулова билдиргендей, парктын аянты 10 гектарды түзөт. Мында маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт.
"Кыргызстан "Салттуу баалуулуктардын аймагы" долбооруна биринчилерден болуп кошулду. Бул парк борбор калаа үчүн маанилүү инфраструктуралык объект болуп калат", — деди Урумкулова.
Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев сейил бакта аква жана цирк аянтчасы, батут жана лабиринттери бар балдар ойноочу жайы, кичи стадион, ошондой эле интерактивдүү аянт болорун белгиледи.
"Биз өзгөчөлүк деп баса белгилеп айтчу нерсебиз — 20 метр бийиктиктеги экстремалдык аттракционубуз, дээрлик эки миң чарчы метр аянтты ээлеген муз аянтчасы жана кышкы эс алуу үчүн дөңсөөлөр болот. Экологияга чоң көңүл бурулат – аймакка бак-дарактар, бадалдар отургузулуп, гүлдөр төшөлөт. Ошондой эле активдүү эс алуу үчүн пикник жана оюн аянтчалары болот", — деди Ырсалиев.
Ал кошумчалагандай, курулуш аяктагандан кийин парк муниципалитеттин балансына өткөрүлөт.