Батыш Европада массалык түрдө жарык өчтү. Азыркы абал

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Испаниянын жарымында электр энергиясы калыбына келтирилди. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес билдиргенин Reuters жазды.
"Испаниянын электр тармактары боюнча оператору өлкөнүн электр энергиясын 50 пайыз калыбына келтирди", — деп айтылат маалыматта.
Премьер-министр белгилегендей, 1 миллионго жакын адам дагы деле жарыксыз отурат.
Эске салсак, кечээ күнү Испания, Португалия, Андорра жана Франция өлкөлөрүнүн бир бөлүгүндө жарык өчүп Wi-Fi, метро, светофорлор, трамвайлар жана аэропорттор иштебей калган. Электр тармагындагы мүчүлүштүк жарыктын өчүшүн шарттаганы айтылган. Кийинчерээк Португалиянын электр тармактарынын оператору Батыш Европадагы электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына Испаниядагы "сейрек кездешүүчү атмосфералык кубулуш" себеп болгонун билдирген. Анын маалыматы боюнча, электр энергиясын калыбына келтирүүгө бир жума убакыт кетиши мүмкүн. Франциянын түштүк-батышында электр энергиясы калыбына келтирилди. Жарык берүү Бельгияга чейин үзгүлтүккө учураган.
Өчүрүүлөргө карабастан испаниялык ири банктар иштеп жатат, бирок карта менен төлөөдө көйгөйлөр жаралууда.
ЖМК: ЕБ россиялык суюлтулган газдын импортуна тыюу салуудан баш тартты