БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда рубль менен операциялар жаңы тартип боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жазды.
Минкаб башчысы соңку жылдарда банктардан тышкары жүргүзүлгөн операциялар көбөйүп, санкцияларды кыйгап өтүүгө шарт түзүп келген. Мындан улам акчаны ачык-айкын которууга шарт түзүү максатында рубль колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, рубль менен операциялар мамлекеттин "Борбор Азиянын Капитал Банкы" аркылуу жүргүзүлүп, которуулардын суммасы боюнча эч кандай чектөөлөр коюлган эмес.
"Кабыл алынган чаралар жарандардын жана ишкерлердин акча каражаттарын коргоого, операцияларды көзөмөлдөөгө жана ачык-айкын жүргүзүүгө, ошондой эле өлкөнүн каржы системасынын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган. Россия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири бойдон калууда. Жаңы эрежелер күчүнө кирген алгачкы эки жумада банк секторундагы накталай рубль операцияларынын көлөмү азайганы байкалган. Бул көмүскө каржылык агымдардын кыскарганын көрсөтөт", — деген Касымалиев.
Ошондой эле ал акчаны Россиядагы санкцияга туш болбогон бардык финансы уюмдары аркылуу которуп, Кыргызстандан "Борбор Азиянын Капитал Банкынын" каалаган филиалынан алса болорун кошумчалады.