30-апрелге карата аба ырайы

30-апрелде түнкүсүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республиканын тоолуу райондорунда жаан жаап, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй аймагында 22…27, Таласта 21…26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 26…31, Ысык-Көл өрөөнүндө 20...25, Нарын жергесинде 22…27 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында 24…26, Ош калаасында 29…31 градуска чейин көтөрүлөт.
Кызыл-Кыя шаарында 10 жаңы автобус каттамга чыкты