Учурда ооруканаларда жүрөгүнөн жабыркап, инфаркт алган бейтаптардын саны көбөйгөн жана 13-14 жаштагы балдар да инфаркт болгон учур катталууда. Кант диабети майда кан тамырларды алгач жабыкаткандыктан алгач бут, көз жана бөйрөк жабыркайт. Ал эми кан тамырлардын кан айлануусунун бузулушунан жүрөккө да таасир берет. Кант диабеттин таасиринен улам бут кандай жабыркайт жана анын кооптуулугу, дарылоо жолдору тууралуу «Ачык кеп» программасында дарыгер Ыроман Дүйшөмаматов кенен айтып берди.