Өлкөдө 3 887 турак-жай кооптуу аймакта жайгашкан. Бүгүнкү күндө нөшөрлүү жаан-чачындан кийин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көл, Чүй аймактарында сел жүрдү. Бактыга жараша анын кесепетинен кыйраган үйлөр, жабыркаган жарандар катталган жок. Мындай учурда ӨКМдин кызматкерлери жерине барып себептерин аныктоо үчүн изилдөө иштерин жүргүшөт. Ага ылайык, сел жана суу ташкындарынын келип чыгуусуна суу каналдарында, көпүрөлөрдө жана арыктарда өз учурунда тазалоо иштери жүргүзүлбөгөндүгү себеп болуп жатат. Былтыр ушул мезгилде 51 сел жүрүп, суу 52 турак-жайды каптаган.
Быйыл алдын алуу иштеринин натыйжасында объектилерди суу каптаган учурлар катталбагдыгын, министрликтин техникалык потенциалы жакшырганын ӨКМдин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Беренбеков айтып берди.