Быйыл театралдык искусство тармагындагы жаш таланттардын аянтчасына айланган фестиваль өзүнүн 10 жылдыгын белгилейт. Иш-чаранын алкагында Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Азербайжандан театр адистиги боюнча билим алып жаткан студенттер өздөрүнүн мыкты спектаклдерин тартуулашат.
“Күн Башат” программасынын алкагында Жаныш Кулманбетов менен аталган фестивальдин максаты, жол-жобосу жана дегеле театр чөйрөсүндөгү багыт, абал тууралуу баарлаштык.