Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына убактылуу элдешүү жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата Украина менен убактылуу элдешүү жарыялаганын Кремлдин маалымат кызматы билдирди.
Россия тарап гуманитардык себептерден улам Жеңиштин 80 жылдыгына карата 7-8-май саат 00:00дөн 10-11-май саат 00:00гө чейин ок атышпоону жарыялады. Бул мезгилде бардык аскердик операциялар токтойт.
"Россия Украина тарап да алардан үлгү алышы керек деп эсептейт. Украина ок атышпоо режимин бузган учурда Росиянын Куралдуу күчтөрү жооп кайтарат. Россия Украина кризисинин түпкү себептерин жоюуга жана эл аралык өнөктөштөр менен конструктивдүү кызматташууга багытталган алдын ала эч кандай шарт койбостон тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин дагы бир жолу билдирет", — деп айтылат маалыматта.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Зеленский менен жолукканда эмнелерди сүйлөшкөнүн айтты