БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Улуу Жеңишке 80 жыл" коллекциялык күмүш монетасы жүгүртүүгө чыгарылганын Улуттук банктан билдиришти.
Тыйындын номиналы — 10 сом, салмагы — 28 грамм.
© Фото / пресс-служба НБКР
"Монетанын бетине согушта курман болгондорду эскерип, аларга болгон сый-урматты чагылдырган гүлдесте түшүрүлгөн. Монетанын жээгинде тегерете "Улуу Жеңишке 80 жыл/80 лет Великой Победе" деген жазуу бар. Ал эми арткы бетинде Кырызстандын герби, тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон көгүчкөндөрдүн элеси 2025 жана 1945 сандары менен берилген", — деп жазылат маалыматта.
Монетаны башкы банктын кассаларынан 5 200 сомго сатып алса болору кошумчаланды.
Буга чейин анын нускасы 800 даана экени айтылган.