БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстан Казакстанга бере турган суунун көлөмү былтыркы деңгээлде калат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй жана Талас дарыяларындагы суу объектилерин пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын жыйыны өткөн.
Жолгушууда комиссиянын протоколуна кол коюлду. Ага ылайык, Кыргызстан сугат мезгилинде Казакстанга 580 миллион метр куб суу берет. Анын 400 миллиону Талас дарыясы, 180 миллиону Чүй дарыясы аркылуу берилет.
Кыргыз делегациясын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жетектегени кошумчаланды.