Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Курскини бошотууга катышкан корей аскерлерине ыраазычылык билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Курск аймагында Украинанын куралдуу күчтөрүн талкалоого катышкан Корей элдик армиясынын бөлүктөрүнө ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Кремлдин сайтында маалымдалды.
"Россиянын жоокерлери менен биргеликте жерибизди өз мекениндей коргогон корей жоокерлеринин эрдигине, жогорку деңгээлдеги өзгөчө даярдыгына жана берилгендигине таазим этебиз. Алар милдеттерин эрдик менен аткарышты", — деди Путин.
Ал орус эли КЭДРдин атайын күчтөрүнүн эрдиктерин эч качан унутпай турганын кошумчалады.
Буга чейин Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов Владимир Путинге орус аскерлери Курск аймагын бошоткондугу тууралуу рапорт берген.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова корей аскер кызматкерлери Курск чек ара аймагын бошотуу операциясына Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишиминин 4-беренесине ылайык катышканын түшүндүрдү.
Бүгүн КЭДР да Россияга аскерлеринин жөнөтүлгөнүн расмий тастыктады. Өлкөнүн Борбордук аскердик комиссиясы КЭДР лидери Ким Чен Ын бул кадамды эки өлкөнүн достугун жана биримдигин чыңдоо, алардын өнүгүүсүн жана гүлдөп-өсүшүн камсыз кылуу, өз мамлекетинин намысын коргоо боюнча ыйык миссиясы катары баалаганын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Крымды Украинага кайтарууну болбогон талап деп атады