Оштогу "Русский дом" уюмунун кызматкери үй камагына чыгарылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Оштогу "Русский дом" борборунун кызматкери Наталья Секерина үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Аны менен кошо кармалгандардын арасынан С.В.Т. аттуу жаран да үй камагына кое берилгени айтылды.
Сунуштаманы сотко УКМК берген.
Эске салсак, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Наталья Секерина жана дагы үч адам "Жалданмачылык" беренеси боюнча айыпталып кармалганы кабарланган.
УКМК мындан мурдараак "Русский домго" дооматы жок экенин, кармоолор борбордун ишине байланышпаганын айткан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Россиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды