Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Кыргызстан Россиядан С-300 абадан коргонуу системаларынын партиясын алды

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстан Россиядан С-300 абадан коргонуу системаларынын партиясын алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдиргенин Известия жазды.
"Бизде бирдиктүү абадан коргонуу системасы иштеп жатат. Эми ошол биргелешкен системанын С-300 деген элементтерин алдык. Алар өлкө аймагына алып келинди", — деген ал.
Иманкулов мындай системадан өлкөгө канчасы берилгенин так айткан эмес. Аларды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкектеги парадда көрсөтүшөт.
Буга чейин Токмокто Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата парадга даярдык болгон. Коргоо министрлиги Бишкектеги парадда С-300 зениттик-ракеталык комплекси жана С-125-2БМ "Алебарда" ракетасы көрсөтүлөрүн кабарлаган.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстандын аскерлери Москва жана Минскидеги парадга катышуу үчүн жөнөп кетишти