БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда чемпион болуп, экинчи дивизионго көтөрүлдү.
Турнир Түркиянын Стамбул шаарында өттү.
Ата мекендик спортчулар өздөрүнүн тайпасындагы командалардын бардыгын "оңдурбай" жеңген:
Кыргызстан 5:2 Түштүк Африка Республикасы;
Кыргызстан 6:0 Люксембург;
Кыргызстан 5:1 Босния жана Герцеговина;
Кыргызстан 8:1 Түркмөнстан;
Кыргызстан 3:1 Түркия.
Эми Кыргызстандын курама командасы кийинки жылы дүйнө чемпионатынын экинчи дивизионунун В тобунда күч сынашат.