Жапаров Бендер-Аббастагы жарылууга байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бендер-Аббас портундагы адам өмүрүн алган жарылууга байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бендер-Аббас шаарында Шахид Ражаи портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Көз жумгандардын үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп жазылган мамлекет башчынын телеграммасында.

Расмий маалыматтарга караганда, жарылуу химиялык заттар сакталган кампада болгон. Айрым ЖМКлар күйүүчү май куюлган резервуардын бири күйүп кеткенин божомолдоодо. Соңку маалыматтар боюнча, 36 адам каза болуп, миңдей киши жаракат алган.
Кыргызстан жана Иран Бендер-Аббас деңиз портун колдонуу маселесин талкуулады