БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын эл аралык насыялык рейтинги жакшырганын министрлер кабинетинен билдиришти.
Өлкөгө Fitch Ratings эл аралык рейтинг агенттиги тарабынан "стабилдүү" божомолу менен В кредиттик рейтинги берилди.
"Fitch Ratings Кыргызстандын экономикалык туруктуу өсүшүн белгилеп, 2022-2024-жылдарда ИДП жылына 9 пайыз өскөнүн билдирген. Ошондой эле салыкты натыйжалуу чогултуу, энергетикага, тоо-кен өнөр жайына инвестициялар, демографиялык дурус тенденциялар Кыргызстандын орто жана узак мөөнөттүү экономикалык өсүшүн шарттаарын божомолдогон", — деп айтылат маалыматта.
Бул Кыргызстанга пайдалуу шарттарда насыя алууга мүмкүндүк берери белгиленген.
Буга чейин S&P Global Ratings агенттиги дагы Кыргызстандын кредиттик рейтингин "Туруктуу" деген көрсөткүч менен В+ деңгээлине көтөргөн.