БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 17,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын январь-февраль айларында соода алака 723,6 миллион долларга жеткен. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 616,6 миллион долларды түзгөн.