Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына 32 ардагерге 3 миллион 232 миң сом каралган.
Мамлекет башчы кол койгон тескемеге ылайык, акча Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына бөлүнгөн:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;
1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, "За оборону Ленинграда" медалы менен сыйланган адамдар жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине төлөнүүчү компенсация көбөйтүлдү