БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. ИИМдин курсанттары өздөрүнүн жоопкерчиликсиздигинен улам окуудан чыгарылса мамлекеттин акчасын кайтарышы керек. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документтин негиздемесинде жазылгандай, ИИМдин академиясы адистерди бюджеттин эсебинен даярдайт. Бирок айрым курсанттардын окууну ташташы же ички иштер органдарында иштөөдөн баш тартышы акчанын натыйжасыз сарпталышына алып келүүдө. Мындан улам ИИМдин курсанты өзүнүн күнөөсү менен окуудан чыгарылса кеткен чыгымды кайтарат. Бул билим алып жаткандардын жоопкерчилигин арттырары күтүлүүдө.
Алсак, укук коргоо органдарынын ЖОЖдорду бюджеттик негизде бүтүргөндөр, ошондой эле чет мамлекеттерден бакалавриат программасы боюнча окуп келгендер кеминде төрт жыл кызмат өтөөгө милдеттүү. Магистратура жана адъюнктура программаларын бүтүргөн кызматкерлер кеминде үч жыл иштеп бериши керек.