БИШКЕК, 28-апр. —Sputnik. 1-майдан баштап Ала-Арча жаратылыш паркына электромобилдер гана кире алат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.
Алар ичиндеги жүргүнчүнүн санына карабастан 800 сомдон төлөшөт.
"Бензин, газ жана дизель менен жүргөн көлүктөр киргизилбейт. Аларды көзөмөл-өткөрүү жайынын жанындагы автоунаа токтотуучу жерге калтырса болот. Эс алуучулар QR-код аркылуу кирүү билетинин акчасын төлөйт", — деп айтылат маалыматта.
Келгендерди парктын ичинде электроунаалар негизги маршруттарга жана эс ала турган жерлерге акысыз ташый турганын билдиришти.