КР реалдык секторду өнүктүрүүдө ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу зарыл

Sputnik
Кыргызстан алдыңкы беш жылда ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү планын койду. Мындай дымактуу иштерди жүзөгө ашырууда албетте өндүрүштүн орду чоң. Өлкөнүн кайсы өндүрүш тармагында потенциалы бар? Убакытка уттурбай кадамдар эмнеден башталышы керек? Албетте мунун баары илимсиз, терең изилдөөлөрсүз ишке ашпайт. Биз бүгүнкү программабыздын алкагында илимпоздорду чакырып, реалдуу секторду өнүктүрүү үчүн кандай аракеттер керек?
Мамлекеттин экономикасын көтөрүүдө зарыл болуп турган ирилештирүү иштерин жүргүзүүдө ЕАЭБ уюмунун мүмкүнчүлүктөрүн кантип колдонсок болот, деген сыяктуу суроолорубузга жооп издедик.